Site icon Reporter.kg

Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисин сабап кетишти

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбековду сабап кетишти. Аталган маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 11-январга караган түнү шаардын Түштүк-Чыгыш кичи районунда болгон.

«Учурда жабырлануучу облустук ооруканада дарыланып жатат. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жабырлануучуну сабоого“Казак” каймана аты менен белгилүү 40 жаштагы М.У. аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн катыштыгы бар же жогу  такталып жатат”, — деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек “Казак”  аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Ал буга чейин уурулук жана каракчылык беренелери боюнча соттолуп чыккан.

2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктоого шектелген. Ага чейин Ош шаарындагы эс алуу жайлардын биринен 23 жаштагы жигитке бычак сайган деп кармалган.

Exit mobile version