Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тарык айылына 150 орундуу мектеп куруу пландалууда. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.
Сатып алуу картасындагы маалыматка ылайык, мектептин курулушуна 137 миллион сом сарптоо пландалууда. Объектти ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылган.
Подрядчы келишимге кол коюуда ишти бүтүрүүнүн башка мөөнөтүн макулдашууга укуктуу. Алар сынакты 23-ноябрдан кийин өткөрүп, мамлекеттик контракттын жеңүүчүлөрүн аныктоону каалап жатышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз