Site icon Reporter.kg

Оштун Кеңеш айылында 46,4 млн сомго бала бакча салынат

Ош облусунун Өзгөн районунун Кеңеш айылында 60 орундуу бала бакча салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Бала бакча салууга 46 млн 402,7 миң сом каралган. Анын курулушу келишим түзүлгөндөн кийин 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керек.

Сынак боюнча арыздар 21-сентябрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version