Site icon Reporter.kg

Оштун Кичи-Бүлөлү айылында эски мектептин ордуна жаңысы салына баштады

Ош облусунун Алай районундагы Кичи-Бүлөлү айылында жайгашкан №36 Б.Нарматов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү жетекчилер, агартуучулар жана айыл эли катышты.

«Азыркы тапта Кичи-Бүлөлү айылындагы окуучулар эскилиги жеткен имаратта билим алышууда. Ага ылайык, кылымга жакын убакыт кызмат кылып келе жаткан имаратты жаңыртуу маселесин депутат Таалайбек Сарыбашов парламентте көтөрүп, тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада 150 орунга ылайыкташкан жаңы мектептин имаратынын пайдубалы түптөлдү. Курулушка керектүү каражат республикалык бюджеттен каралган», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version