Site icon Reporter.kg

Оштун мэри: Телактарыңарды калтыргыла! Жетекчилерге жан сакчыларсыз жүрүүнү тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ачык асман алдында өткөн көчмө жыйында шаардагы мекеме жетекчилерине кайрылып, алардан жан сакчылар менен жүрүүнү токтотууну талап кылды.

Ал өз сөзүндө “Ош” базарынын жетекчиси Чыңгызга жана автобекеттин башчысы Нурланга кайрылып:

“Алды-артыңардан үч-төрт киши коштоп жүрөт. Телактарыңарды калтыргылачы! Силерге ким тиймек эле? Мен өзүм жан сакчысыз эле жүрөм”, — деди.

Токторбаев жетекчилерди жөнөкөйлүккө чакырып, коопсуздук маселеси ашыкча ашкере болуп жатканын белгиледи.

Exit mobile version