Site icon Reporter.kg

Оштун мэри үч эмдин ата-энесине батир белек кылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эм төрөлгөн наристелердин ата-энесине батир белеке берди. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, балдардын атасы Тороев Мырзабек Ош шаарындагы Ак-Буура милиция бөлүмүндө эмгектенет. Мэрдин буга чейин дагы үч эмге батир бергендигин угуп, кайрылышкан.

«Анын негизинде тилеги орундалып бүгүн 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Учурда бир кыз үч уулу бар. Аларга Амантай, Эсентай, Эртай аттуу ысым ыйгарышкан, учурда 1 жаш 2 айлык»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version