Site icon Reporter.kg

Оштун мэринин уулу менен депутат Зулпукаровдун күйөө баласы Бишкек мэриясында иштейт

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин уулу Нурсултан Насирбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун күйөө баласы Алибек Арыстанов Бишкек шаарынын мэриясында иштешет. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.  

Такталбаган маалыматтарга караганда, жигиттерди Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп турганда ишке алган.

Алар муниципалитеттин уюштуруу бөлүмүндө иштешет.

Алибек Арыстанов Зулпукаровдун Айжамал атуу кызынын жолдошу. Алардын үйлөнүү үлпөтүнө жалпы саясий элита катышкан.

Exit mobile version