Site icon Reporter.kg

Оштун тургуну Ысык-Көлгө чөгүп кетти

утонул

Ысык-Көлгө Ош шаарынын 51 жаштагы тургуну чөгүп кетти. Аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-июль күнү саат 14:00дөр чамасында Чолпон-Ата шаарындагы «Кейсар» эс алуу борборунун пляжында бир адам көлгө чөгүп кеткени тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Ал суудан чыгарылып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Бирок дарыгерлер адамды сактап кала алышкан эмес, ал эсине келбей каза болгон. Ал 1971-жылы туулган тургуну Ж.А.

Exit mobile version