Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шектелген 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-апрель күнү М.Т. аттуу жаран Ош ОИИБге арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 23:00 чамасында “Ш” аттуу жаран достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп, коркутуу жолу менен 16 000 ( он алты миң) сом акча каражатын опузалап алып койгондугу үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнү жана анын кылмыштуу шериктерин тергөөгө камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилген.
2023-жылдын 21-январында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Ош шаарынын аймагынан Кара-Суу районунун 32 жаштагы А. уулу Ш. аттуу тургуну опузалап акча талап кылуу фактысына шектелип кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Щектүүгө Жазык-процесстик кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде айыбы угузулуп, 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз