Site icon Reporter.kg

ОшТВга жаңы жетекчи келди

ОшТВ телеканалына башкы директор болуп Маратбек Акимбеков дайындалды.  Жаңы жетекчини Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы 29-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырды.

Маратбек Акимбеков эмгек жолун ОшТВда кабарчы болуп баштаган. Буга чейин «7-канал», «Ош пирим» «Т-Медиа» каналында, «Ынтымак» медиада жана «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы болуп иштеген.

Телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеген. Азырынча мурдагы жетекчинин кызматтан кетүү себеби белгисиз бойдон.

Exit mobile version