Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда «Оскар» сыйлыгына арыз кабыл алуу башталды

Кыргызстандын «Оскар» комитети тасмаларын Америка кинематография искусствосу жана илим академиясынын XCV (95) «Оскар» сыйлыгына көрсөтүүнү каалаган режиссёрлордун арыздарын кабыл ала баштады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Тандалып алынган тасма Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» (International Feature Film) категориясы боюнча көрсөтүлөт.

Кыргызстандын атынан көрсөтүлө турган тасмага коюлган талаптар:

1. Толук метраждуу көркөм, даректүү же анимациялык тасма болушу шарт (40 мүнөттөн кем эмес);

2. Кинотеатрларга 2022-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин чыккан тасма болушу керек.

Тандап алуу убактысы:

— 15-августтан 1-сентябрга чейин – катышуу тууралуу арыздарды кабыл алуу (shaboto@mail.ru);

— 3-4-сентябрь – тандалып алынган тасмалардын комитет тарабынан каралуусу;

— 5-сентябрь – комитеттин отуруму жана сыйлыкка көрсөтүлүүчү тасманы расмий жарылоо;

«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2023-жылдын 12-мартында Лос-Анжелестеги «Долби» театрында өтөт.

Кыргызстандын «Оскар» комитетинин координатору Таалайбек Кулмендеев

Маалымат алуу үчүн: (702) 477 724

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version