Site icon Reporter.kg

“Оскар” сыйлыгынын алган тасма плагиатка шектелүүдө

Социалдык тармактарда 2021-жылы оскар сыйлыгын жеңген “Эки алыскы бейтааныш” кыска метраждуу фильмимнин жаратуучулары плагиатка айыпталды.

Тасма плагиат экенин режиссер жана сценарист Синтия Као айтканын What is on Netflix порталы билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы “Ground Day fo black” тасмасын тарткан, анын сюжети “Оскар” алган кинодо толугу менен кайталанганын айтат. Үйүнө чуркаган эркек киши полиция менен кагылышат, соңунда ал убакыттын циклине кабылганын билет.

Тасмасы 2020-жылы майда YouTubeдагы NowThis News каналына жүктөлгөн, дал ушул команда “Эки алыскы бейтааныш” тасмасына продюссерлик кылган.

Синтия Каонун айтымында, ал эч кимди айыптабайт, бирок кантип мындай болуп калганын түшунө албай жатат.

Exit mobile version