Site icon Reporter.kg

Осло-2021: Эрназар Акматалиев күчтүү атаандашын утту (ВИДЕО)

Бүгүн Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күнкү беттештери башталды.

Эрназар Акматалиев шри-ланкалык балбанды жеңип, 1/8 финалга чыккан соң армениялык Арман Андреасянга килем  үстүндө жолугушту.  Биринчи бөлүктө 2:0 эсебинде утулуп баратып, экинчи бөлүктө 4 упай, андан кийин дароо эле 2 упай алды.

Эрназар Акматалиев жыйынтыгында  11:2 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты.

Exit mobile version