Site icon Reporter.kg

Өспүрүм кыздын зордукталышы: “Алтын казынанын” билдирүүсү

«Алтын казына» кафесинин администрациясы 17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча билдирүү таратты.

“Окуя түндө кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары болгон. Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдардын ижарага алынган корголуучу жайга кирип кетишкен. Кылмышкерлер кармалды жана алар Кылмыш-жаза кодекси боюнча жаза алышат. Биз бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип атабыз. Ошондой эле биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүктүн тарабында экенибизди билдиребиз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мекемеге ээлик кылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Махабат Мавлянова бул окуя боюнча билдирүү таратып, өспүрүм кызды топтошуп зордуктоо фактысы катталган Maryotel мейманканасында кылмыш болгон күнү камералар иштебей калганын билдирген.

Буга чейин Бишкек шаарындагы «Алтын казына» кафесинин официанты кызды зордуктаган деген шек менен кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.  

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version