Site icon Reporter.kg

Өспүрүмдөр арасында суицид 20 пайызга өстү

2024-жылдын төрт ай ичинде 36 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу  ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Бул өткөн жылдын январь-апрель айларына караганда 20 пайызга көп.

Эркебек Аширходжаевдин маалыматында, төрт айда балдарга карата 52 зордук-зомбулук фактысы катталды. Анын төртөө — эркек бала, 48и -кыз.

Ошол эле учурда жашы жете элек тарабынан жасалган кылмыштар 15 пайызга өскөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version