Site icon Reporter.kg

Өспүрүмдөрдү унаага жалгыз салган такси айдоочулар жоопко тартылышы мүмкүн

Бишкекте такси айдоочуларына өспүрүмдөрдү коштоочусуз унаага салууга болбой турганы эскертилди. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясынын кызматкерлери шаардык автовокзалда алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү. Анда такси айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөрдү коштоочусуз унаага салууга болбой турганы боюнча катуу эскертүү берилди.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди жана айдоочуларды балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырып, уруксаты жок жана коштоочусуз өспүрүмдөрдү жолго чыгарып жиберүү мыйзам бузуу экенин эскертишти. Мындай учурда айдоочулар мыйзам чегинде жоопко тартылышы мүмкүн.

«Ар бирибиз балдардын коопсуздугу үчүн жоопкербиз. Айдоочулар өспүрүмдөрдүн жашын тактап, эгер жалгыз жүрсө — унаага салуудан баш тартышы керек. Бул иш-чаранын негизги максаты — балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо»,- деп билдирди Ленин РИИБи.

Exit mobile version