Сомдун девальвациясынан жана жаңы алынган карыздардан улам Кыргызстандын тышкы карызынын номиналдык наркы кыйла өстү. Бул тууралуу республиканын Эсеп палатасы билдирди.
Бул 2020-жылы сом менен алганда тышкы карыздын көлөмүнүн өсүшүнө алып келгенин адистер белгилешүүдө.
«Тактап айтканда, 2018-жылга салыштырмалуу тышкы карыз алуулар 81,3 млрд сомго же 30,4%га, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 80,4 млрд сомго же 39,1%га өскөн», — деп айтылат маалыматта.