Отунбаева: Бакиевдин режими кайра калыбына келүүдө – видео

Отунбаева: Бакиевдин режими кайра калыбына келүүдө – видео

Курманбек Бакиевге жакын адамдар жогорку жана маанилүү кызматтарга дайындалууда. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде айткан.

Интервью Роза Отунбаева Фондунун каналына жарыяланды.

Анда экс-президент жаңы бийликтин кадр саясатын сынга алып, Бакиевдерге жакын адамдар маанилүү кызматтарга кайтып келип жатат деген пикирин айткан

“Азыр Бакиевдердин кишилеринин баары келип жатат. Баягы журналисттерди өлтүргөн, аркабыздан жүргөн ошолордун баары азыр кайта кайтууда. Ошол эле коопсуздук комитетинин ичинде жогорку кызматтарга көтөрүлүп жатат. Кайсы жумушту албайлы, Бакиевдин убагында иштегендер. Маселен, азыр Сыдыковдун уулу “Манас” аэропортун башкарып жатат. Биз көрүп жатабыз, ага деле көз жумуп коюшту.  Демек мен айтат элем, ошол режим кайра калыбына келип жатат, биз болсо билмексен болуп отурабыз”, — деген экс-президент.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>