Отжимание жасабайсың деп жаш баланы катуу сабаган адамдын видеосу тарады

Отжимание жасабайсың деп жаш баланы катуу сабаган адамдын видеосу тарады

Жатып жерден түртүлүү көнүгүүсүн (отжимание — ред.) жасабайсың деп жаш баланы сабаган адамдын видеосу “Фейсбукка” жарыяланды.

Андагы кыска тасмада  30-35 жаштар чамасындагы адам жаш баланы отжимание жасабайсың деп катуу сабап, андан кийин темир түтүк менен урам деп тап берип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеодо дагы бир аял эркек кишиден баланы урба деп ортого түшөт.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча “денеге жарат келтирүү” беренеси менен сотко чейинки тергөө башталганын, учурда видеодогу адамдын өздүгү аныкталып жатканын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда окуя 16-апрелде, Москва шаарында болгон.

 

https://www.facebook.com/bekturb/videos/2867458116623086/

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>