Site icon Reporter.kg

Өз жанын кыйып, кат калтырган келиндин иши: Милиция эмне дейт?

Rural Kyrgyzstan, suburbs of Bishkek. Credit: Sveta Zelenskaya // Kloop.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылында 29 жаштагы келиндин өз жанын кыйган окуяга байланыштуу ачылган иш боюнча кошумча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган окуя боюнча «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголгон.

«Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен козголгон иш боюнча буга чейин белгиленген медициналык жана башка тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккан. Бирок бул ишти толук далилдөө үчүн дагы бир экспертиза дайындоого туура келген. Учурда тергөө анын жыйынтыгын күтүүдө. Тергөө амалдары толук кандуу жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти облустук милициядан.

Эскерте кетсек, быйыл 23-июлда райондук милицияга 29 жаштагы келин асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Базар-Коргон райондук милициясында маалымат электрондук журналына «өзүн өзү асып алуу» болуп катталган. Окуя жерине райондук прокуратура менен милициянын жетекчилиги, кызматкерлери барган.

Окуя жерин кароо учурунда 29 жаштагы келин үйүнүн ичинде асынып каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден кат табылган.

Катта: «Ким дагир (бузулган – ред.) болуп жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып, өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» — деп жашыл түстөгү сыя менен жазылган.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде 22-август күнү Кылмыш кодексинин  128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version