Өзбекстан былтыр Кыргызстанга 1 миң 747 тонна курма экспорттогон. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, 2024-жылы Өзбекстан чет жакка 57 млн долларга 85 миң 763 тонна курма саткан.
Кыргызстан Өзбекстан курманы көп экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кирген:
- Россия – 64 344 тонна;
- Казакстан – 15 369 тонна;
- Түркмөнстан – 3 348 тонна;
- Кыргызстан – 1 747 тонна;
- Башка мамлекеттер – 955.