Site icon Reporter.kg

Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөттү

Бишкек ТЭЦтеги кырдаалга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Гуманитардык жардам катары 1 миң газ баллон «Бек-Абад» автожол посту аркылуу Жалал-Абад шаарына жеткирилди.

Ал «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалына жыйналып, Бишкекке жөнөтүлөт.

Exit mobile version