Site icon Reporter.kg

Өзбекстан менен Египет 1,6 млрд долларлык 20 келишимге кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Египеттеги сапарынын жыйынтыгында бул өлкөнүн компаниялары менен 1,6 миллиард долларга тете 20 макулдашууну ишке ашыруу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мирзиеёв Каирге 20-февралда эки күндүк сапар менен барган.

Расмий маалыматка караганда, 20 чакты алдыңкы компаниянын жетекчилиги менен жолугушууга Мирзиёев менен бирге Египеттин эл аралык кызматташтык министри Рания ал-Машат, Соода палаталарынын Федерация төрагасы Ибрагим Махмуд ал-Араби катышты.

Мирзиеёв өзбек-египет бизнес-форумунда түндүк Африкадагы бул өлкөнүн компанияларын Өзбекстандын энергетикалык, электротехникалык, химиялык, тоо-кен, текстиль, айыл чарба жана фармацевтикалык тармактарына инвестиция салууга чакырды.

21-февралда Мирзиеёв Египеттин президенти Абделфаттах ал-Сиси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жүрүшүндө мамлекет башчылары өзбек-египет кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулап, ортодогу мамилени өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгарууну макулдашты.

Мындан тышкары тараптар саясат, коопсуздук, соода жана өнөр жай кызматташтыгын, ошондой эле маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сүйлөштү.

Жыйынтыгында өз ара инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашуулар жетишилип, газ химиясы, текстиль, электротехника, зергерчилик жана фармацевтика өнөр жайындагы кызматташтыктын беш конкреттүү багыты аныкталды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version