Site icon Reporter.kg

Өзбекстан өлкөгө кирүүдө экспресс-тест тапшыруу талабын алып таштады

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 25-январдан тарта эл аралык аэропорттордо, темир жол жана чек ара бекеттеринде коронавирустун эксперсс-тестин тапшыруу талабы жоюларын кабарлады.

15-январда коронавирус жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу Өзбекстан өлкөгө кирүү талабын катаалдаштырган. Республика аймагына кире турган жарандар эксперсс-тест тапшырууга милдеттендирилген. Мындай тесттин баасы 5 АКШ долларын түзөт.

Бирок милдеттүү түрдө экспресс-тест тапшыруу менен аэропорттордо жана вокзалдарда кезек көбөйдү. Жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүү жайларында узак убакытка турууга мажбур болушту. Мындай жагдайда вирус жуктуруп алуу ыктымалдуугу көбөйөт деген тынчсыздануулар пайда болгон.

Exit mobile version