Site icon Reporter.kg

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын берет

Ооганстандын Breshna Sherkat энергетика ишканасынын башчысы Абдул Бари Омар менен Өзбекстандын энергетика министри видеожолугушуу өткөрүшүп, электр энергиясын берүү долбоорунун ишке киришине байланышкан деталдарды талкуулашты. Бул тууралуу «Караван инфо» маалымат порталы билдирди.

Жолугушуу ооган тарапка 500 кВт кубаттуулуктагы электр энергиясын берүү долбоорун тездетүү максатында уюштурулган.

«Долбоор 800 мегаваттка чейин электр энергиясын жеткирүүнү, муну менен Кабулда жана Ооганстандын чыгыш облустарында энергия ресурстарынын тартыштыгын жоюуга багытталган»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version