Site icon Reporter.kg

Өзбекстан Түркияга 170 тонна гумжардам жөнөттү

Өзбекстан өкмөтү, ишкерлер жана жашоочулар зилзаладан жапа чеккен Түркияга 170 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Ал жер титирөө болгон аймактарга 6 жүк учагы жана 7 фура менен жеткирилди. Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги билдирди.

Гуманитардык жүктө 45 тонна медикамент, 8 тонна азык-түлүк, 90 тонна буюм: кийим, бут кийим, жууркан-төшөк, гигиена каражаттары бар. Ошондой эле 130 генератор, 700 электр жылыткыч жана башка керектүү предметтер чогулган.

Бул арада каржылай жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуу уланууда.

Зилзала болгон жерде өзбекстандык 100 куткаруучу жана 71 медицина кызматкери, ыктыярчылар иштеп жатат.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 магнитудадагы зилзалада 40 миңге жакын адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version