Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда кош бойлуу аял унаада өзүн өрттөп жиберди

Өзбекстандын Фергана шаарында кош бойлуу аял унаада өзүн өрттөп жиберип, баласы жана өзү каза болду. Бул тууралуу  Gazeta.uz Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, аял менен чогуу жашаган кишиге аялды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген деген айып тагылууда.

Окуя болгон күнү шектүү кош бойлуу аялды ооруканадан үйүнө унаасы менен жеткирип келе жаткан.  Жолдо баратып кызганычтын негизинде уруша кетишкен. Эркек унааны май куюучу жайдын жанына токтотуп, чыгып кеткенде өзбекстандык аял өзүнө жана унаанын ичине бензин чачып, өрттөп жиберген.

Келген тез жардам кызматкерлери күйүп жаткан унаадан баланы сактап калууга жетишкен. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай, наристе ооруканада чарчап калган. Аял өзү да каза болгон.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version