Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда кыргызстандык капиталдын катышуусунда 320 ишкана иштейт

Өзбекстанда кыргызстандык капиталдын катышуусунда иштеп жаткан ишканалардын саны 2023-жылдын 1-январына карата 320ны түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстанда чет элдик капиталдын катышуусундагы иштеп жаткан ишканалардын саны жыл башына карата 15 миң 801ди түзгөн. Былтыркыга караганда ал 2 миң 512ге көп.

Ошол эле учурда кыргызстандык капиталдын катышуусунда былтыр 66 ишкана кайра түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version