Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков Өзбекстандын борборунда өтүп жаткан эл аралык жарым марафондо жеңишке жетти.
Кыргызстандык 21 чакырым 97 метр аралыкты 1 саат 4 мүнөт 13 секундда чуркап өттү.
Нурсултан Кеңешбеков алыскы аралыкка чуркоочу. Ал 2020-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарында 5000 метрге чуркоодо катышкан.
Дагы бир кыргызстандык Илья Тяпкин Ташкентте марафондук жарышта 42 чакырым 195 метр аралыкты басып өтүп, марага биринчи келди.