Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда Түрк дүйнөсүнүн II маданият форуму өттү

2025-жылдын апрель айында Өзбекстанда Түрк дүйнөсүнүн II маданият форуму болуп өттү. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун колдоосу менен уюштурулуп, түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгын чыңдоого багытталган.
Форумга Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген расмий өкүлдөр жана маданият ишмерлери катышты.

Форумдун алкагында түрк элдеринин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу маселелери талкууланып, көргөзмөлөр жана концерттик иш-чаралар өткөрүлдү.

 

Exit mobile version