Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда жигит турмушка чыгуудан баш тарткан кызга университетте бычак сайды

Кашкадарыя облусундагы Карши университетинде студент кызга 8 жолу бычак сайылган. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазып чыкты.

Окуя 22-июнда болгон. Маалыматка караганда, окуу жайдын 4-курсунун студентинин ата-энеси анын жигитке турмушка чыгуусуна каршы чыгышкан. Ага ызааланган жаран университетке келип, кыз менен айтышып, бычак сайган.

Студент ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышты.

Ал эми жигит кармалып, ал адам өмүрүнө кол салууга айыпталууда.

 

Exit mobile version