Site icon Reporter.kg

Өзбекстандан идиш-аяк, кездемени мыйзамсыз алып өтмөй болушкан

Өзбекстандан Баткенге идиш-аяк жана кездемени мыйзамсыз алып келе жаткан унаалар кармалды. Бул тууралуу  Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Мекеменин маалымдоосунда, эки автомобиль менен идиш-аяк ташышкан. Алардын бириндеги жүк 298 миң сомго, экинчисиндеги товарлар 145 миң сомго бааланды.

Идиш-аяк менен чогуу кездемени дагы алып өтмөй болушкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version