Site icon Reporter.kg

Өзбекстандыкты карактоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Баткен облусунда Өзбекстандын жаранын карактоого шектелип издөөдө жүргөн 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын февраль айында Кызыл-Кыя шаарындагы «Газпром» спорт комплексинин алдында 2-3 белгисиз адам Өзбекстандын Кувасай шаарынын 21 жаштагы тургунунун телефонун жана чөнтөгүндөгү акчаларын коркутуп, тартып алган.

Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында каттоого алынып, «каракчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Быйыл 6-декабрь күнү кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 35 жаштагы Г.М. аттуу тургуну  кармалган.

Шектүү камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version