Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө Өзбекстандын премьер-министри келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Бүгүн 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version