Site icon Reporter.kg

Өзбекстандын президентинин тун кызы анын администрациясын жетектей турган болду

Саида Мирзиёева Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар кабарлашты.

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — бул кызмат 2023-жылдын август айында жүргүзүлгөн реформанын алкагында жоюлган болчу, эми кайрадан калыбына келтирилди. Буга чейин Саида Мирзиёева мамлекет башчынын жардамчысы болуп иштеп келген.

40 жаштагы Саида Мирзиёева экономика илимдеринин кандидаты даражасына ээ. Анын мамлекеттик кызматтагы карьерасы тездик менен өскөн:

Бул дайындоо өлкөнүн күч түзүмдөрүндө чоң кадрдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан учурда болду. Ал өзгөрүүлөр Саида Мирзиёеванын мурдагы жетекчиси — Комил Алламжоновго кол салуудан кийин башталган.

Бул кызмат жоюлганга чейин аны акыркы жолу жетектеген киши — Сардор Умурзаков болчу. Ал учурда президенттин кеңешчиси катары иштеп жатат.

Exit mobile version