Site icon Reporter.kg

Өзбекстандын тургуну жарандарды АКШнын ордуна Африкага ишке жөнөткөн

Өзбекстандын Жизак облусунда жергиликтүү тургундардын бирин АКШга жумушка орноштурууну убадалап, бирок аны Түштүк Африка Республикасына жөнөтүп жиберген киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо органдарына тиешелүү мазмундагы арыз менен «Хайробод» маалесинин И.М. аттуу тургуну кайрылган. Ал А.Я. аттуу жергиликтүү жашоочу 14,3 миң доллар алып, уулун АКШга жумушка орноштурууну убадалаганын, бирок аны Түштүк Африкага жөнөтүп жибергенин билдирген. Уулу Африкадан келе албай, А.Я. «абалды оңдоо үчүн» дагы 6700 доллар талап кылган. Ал бул сумманы алып жатканда кармалган.

Майдын аягында Байден АКШга Мексиканын чек арасы аркылуу келген мигранттардын агымын чектөөгө багытталган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эми чек арадан мыйзамсыз өткөндөр АКШда башпаанек сурап кайрыла алышпайт. Ошондой эле иммиграциялык кызматтын өкүлдөрү мындай мигранттардын башкалка берүү тууралуу арызын кабыл албастан, өлкөдөн чыгаруу укугуна ээ болушту.

Буга чейин 2023-жылдын 1-октябрынан 2024-жылдын май айына чейин 57 200 мигрант АКШнын түштүк чек араларынан мыйзамсыз кирип, Калифорния штатына жетүүгө аракет кылганы кабарланган. Fox News телеканалы АКШнын Чек ара кызматына шилтеме кылып, алардын 2 900ү Өзбекстандын жарандары экенин маалымдаган.

Exit mobile version