Site icon Reporter.kg

Өзбекстанга мыйзамсыз дары ташыган киши кармалды

Баткен облусунда Өзбекстанга мыйзамсыз товар алып бара жаткаг кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 4-июнунда Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө товарларды алып өтүүнү токтоткон.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Канда аймагында кызмат өтөп жаткан учурда чек ара кезмети 1990-жылы туулган Т.М.нын башкаруусундагы кыргыз жараны Т.М.нын башкаруусундагы «Дэу-Нексиа» үлгүсүндөгү унааны текшерүү үчүн чек арадан токтоткон.

Чек ара кызматы унааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок дары-дармектерди табышкан.

Дары-дармектер андан ары Өзбекстанга алып кирээри аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн баасы 2 000 000 сомдун тегерегинде.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version