Өзбекстанга товар, валюта алып өтүү үчүн: Кезектеги туннель табылды

Өзбекстанга товар, валюта алып өтүү үчүн: Кезектеги туннель табылды

УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 11-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы уйлөрдүн биринен кезектеги туннель табылды.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, жогорудагы дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы туннель табылып, аталган үйдүн ээси М.И.М. аттуу КР жараны экендиги аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айларында ал 2014-жылдан бери тааныш болгон “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандан Өзбекстанга эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннелди казуу боюнча иштерди, Кыргызстандын  М.И.М. жана Өзбекстандын Рустам аттуу жарандар жүргүзүшкөнү такталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>