Site icon Reporter.kg

Өзбекстанга туристтердин агымы өстү. Кыргызстандыктар эң көп барууда

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында Өзбекстанга 3,1 миллион чет элдик турист келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,1%га көп. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.

Туристтердин саны боюнча алдыңкы орунду Орто Азия мамлекеттери ээлеген:

Бай тарыхый, маданий жана архитектуралык мурасы менен өзүнө тарткан Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарлары саякатчылар үчүн эң кызыктуу жайлар бойдон калууда.

Exit mobile version