Site icon Reporter.kg

Өзгөн районунда жеңил унаа сайга кулап кетти. Өлгөндөр бар

Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа сайга кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 адам жеринде каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилген.

Жеринде ӨКМдин 4 куткаруучусу иштеген.

 

Exit mobile version