Site icon Reporter.kg

Өзгөндө 13 жашар баланын өлүмүнө туугандары шектелүүдө

ϴзгөн районун Кызыл-Октябрь айылында 13 жашар бала үйүнүн короосунда асынып турган абалда табылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Аймактык милиция Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен иш козгоду.

Бул окуя боюнча өспүрүмдүн туугандары шектүү катары суракка алынган.

Ош облустук психиатрия жана наркология берген маалыматында, шектүүлөр аларда каттоодо турушкан.

Exit mobile version