Site icon Reporter.kg

Өзгөндө 137,5 млн сомго оорукана курулат

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл аймагына 60 орундуу оорукана курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка ылайык, долбоордун сметалык баасы 137 млн 531 миң 147 сомду түзөт.

Талапка ылайык, оорукана 2024-жылдын 25-октябрына чейин бүткөрүлүшү керек. Тендерди уткан тарап 2021-2022-жылдар аралыгында 80 млн сомдон кем эмес ишти аткарган болушу зарыл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version