Site icon Reporter.kg

Өзгөндө 14 жаштагы кыз көз жарды

Өзгөндө 14 жаштагы кыз төрөдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматында, ата-энеси өспүрүмдүн кош бойлуу экенин билген эмес. Кыз райондук төрөт үйүнө жеткирилип, ал жерде көз жарды.

Милиция «Зордуктоо» беренеси менен иш козгоп, 21 жаштагы жигитти кармады.

Exit mobile version