Site icon Reporter.kg

Өзгөндө 4 млн долларга кыш чыгаруучу завод курулду (сүрөт)

Бүгүн, 22-майда Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы кыш чыгаруучу завод ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Завод жалпы аянты 5 гектарды түзгөн жерге курулган. Андан күнүнө 120 миңдей кыш чыгарылат. Жергиликтүү тургундар жумуш оруну менен камсыз болот.

Заводдун курулушуна “Иман Билдинг» ЖЧКсы тарабынан 4 млн доллар каржыланган.

Заводдун ачылыш аземине өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышты. Ал акыркы убакта өлкөдө курулуш иштери көп жүрүп жаткандыгын, мындан улам курулуш материалдара суроо-талап да көбөйгөнүн билдирген.

«Мамлекеттик ипотекалык компания бир катар көп кабаттуу үйлөр салып жатат. Буга кошумча биздин жарандар тапкан каражаттарын жеке үй салууга сарптап жатышат. Андыктан курулуш материалдарына болгон суроо-талап көп болууда. Бүгүнкү ишке киргизилип жаткан кыш заводу бул маселени чечүүгө өзүнүн салымын кошот”,- деген ал.

Exit mobile version