Бүгүн, 22-мартта саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 метр аралык калган. Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга чейин да 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.
Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда.
Ошондой эле Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз