Site icon Reporter.kg

Өзгөндө окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түшкөн

Ош облусунун Өзгөн районунда мектеп окуучулары мушташып, бир өспүрүм ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 14-февралда Өзгөн райондук милициясына 2008-жылы туулган окуучу (К.Э.) ур-токмок жеп, ооруканага түшкөнү тууралуу кабарланган.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, Өзгөндөгү №34 мектептин 11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, аты аталган өспүрүм сабалганы белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүүдө.

Exit mobile version