Site icon Reporter.kg

Өзгөндө таксистти мыкачылык менен өлтүргөн өспүрүмдөргө чечим чыкты

Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өртөп жибергенге шектелген эки өспүрүмгө карата соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, айыпталуучулар 12 жылга эркинен ажыратылып, алардын бирин 70 миң сом, экинчисин 15 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Кылмышты угуп, бирок милицияга кабар бербегендиги үчүн камалган шектүүлөрдүн эки досу дагы кылмышты жашыруу беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө эскертүү менен ата-энелеринин карамагына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 27-июлунда Өзгөндөгү Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде күйгөн адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал таксист болуп иштеген Зергер айыл өкмөтүнүн 29 жаштагы тургуну Ж.у.М. экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын 16 жана 17 жаштагы тургундары кармалган.

Тергөөнүн алдын ала жүрүшүндө маалым болгондой, 20-июль күнү шектүүлөр Өзгөн шаарындагы базардан «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун Шералы айылына барып келүү үчүн 200 сомго жалдашкан. Бирок бара турган жерге жетип, айдоочуга 100 эле сом беришкен. Айдоочу ага макул болбой, өз ара жаңжал чыккан. Унаанын артында отурган өспүрүмдөрдүн бири сумкасынын жиби менен айдоочуну муунтуп, алдыңкы орундукта отурганы бетке ургулап өлтүрүп алышкан.

Андан соң алар айдоочунун жансыз денесин унаанын багажына салып барып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарья сайында өрттөп, сууга ыргытып салышкан.

Ал эми маркумдун унаасын минип жүрүшүп, 24-июль күнү кечке маал Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө алып барып өрттөп салышкан.

Учурда Жазык кодексиндеги “өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Exit mobile version