Site icon Reporter.kg

Өзгөндө түндө түнкү клубдардан 8 өспүрүм кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда милиция кызматкерлери түнкүсүн коомдук жайларда ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кафелер, ресторандар, түнкү клубдар жана компьютердик клубдар текшерилди. Жашы жете элек 8 өспүрүм түн ичинде коомдук жайларда улууларынын коштоосуз жүргөнү аныкталды. Алардын ата-энелерине ата-энелик милдеттерин аткаруудан качуу фактысы боюнча протоколдор түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, рейд Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулган. Ага аймактык милиция кызматкерлери жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору катышты.

Exit mobile version