Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-май күнү Коргон айылынын 2005-жылы туулган Т. К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат туугандарынан ӨКМге 24-май түнү саат 01:00 чамасында түшкөн.
“Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, Үнкүр айылына жетип барганда, жергиликтүү тургундар тарабынан жоголгон баланын жансыз денеси табылгандыгын билдиришкен. Куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денесин ата-энесине өткөрүп беришкен”, — деп айтылат маалыматта.