Site icon Reporter.kg

Өзгөндөгү жол кырсыктан 13 адам жабыркады — сүрөт

Өзгөн шаарындагы жол кырсыктан 13 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-августта түнү «Мерседес-Бенц» унаасы менен «Дэу Лабо» унаасы сүзүшкөн. Анын айынан  13 адам жабыркап, 8 киши учурда оор абалда болсо, 5 жаран жеңил жаракат алган.

Окуя жерине куткаруучулар барып, жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version